• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сокулукта көчөдөн табылган кызды фостердик үй-бүлө асырап алат

24 Бирдин айы 2020 18:26 Бишкек Govori.TV

Сокулук айылындагы көчөдө мас абалда жаткан таенесинин жанынан табылган кыз фостердик үй-бүлөгө берилет. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Сокулук райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Галина Спивакова «Баракелде» сайтына билдирген.

Маалыматка ылайык, кыздын апасы андан баш тарткандыктан бүгүнкү күндө кыз балдарды коргоо борборунда жашап жатат.

«Таенесинин баланы багууга шарты жок. Атасы тараптан туугандары табылып, алар Нарын облусунун Жумгал районунда жашашат. Бирок документ боюнча көйгөй болуп жатат. Учурда кызды фостердик үй-бүлө асырап алууну көздөп жатат. Документ иштери бүткөндөн кийин кызды ушул жумада фостердик үй-бүлө алып кетет», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2019-жылы 25-июлда Чүй облусунун милициясы Сокулук айылындагы көчөдө мас абалда жаткан аялдын жанынан 5-6 жаштагы кызды табышкан.

Количество просмотров: 232