• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сокулукта каракчылыкка шектүүлөр кармалды

27 Үчтүн айы 2022 11:23 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда каракчылыкка шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 10-январында милицияга Сокулук районунундагы айылдардын биринде каракчылык фактысы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Териштирүү учурунда 33 жаштагы Е.Н. жана 50 жаштагы М.С. аттуу жарандын үйүнө белгисиз бет капчан адамдар киришип, жыгач таяк менен токмоктоп, 1 200 000 сом акчасын алышып, белгисиз тарапка из жашырып кеткени аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 26 жаштагы Ш.А., 44 жаштагы Х.Р. жана Ю.И. аттуулар кармалышкан. Шектүүлөрдүн биринин жашаган үйүнө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда 551 миң сом ал эми экинчи шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда 85 миң акча каражаттар табылып алынган»,-деп айтылат маалыматта.

Териштирүү иштери уланууда.

Количество просмотров: 74