• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сокулукта кыздарын зым менен сабаган зөөкүр ата камакка алынды (видео)

27 Кулжа 2018 17:19 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.06.2018. Govori.TV
Эки кызын зым менен сабаган өгөй атасы  камакка алынды. Бул туурасында Govori.TV сайтына Чүй ОБИИБнын басма сөз борборунан  билдирди.
«Учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 111(кыйноо) беренеси менен кылмыш иши козголуп кылмышка шектүү делип 1983-жылы туулган Ш.А аттуу жаран кармалып, камакка алынды. Учурда бул боюнча тергөө иштри жүрүп жатат»-дейт басма сөз борборунан.
Эске сала кетсек, 10 жаштагы эки эгиз кыздар өгөй атасынын ур-токмогуна кабылып  зым менен сабалып ооруканага түшкөнү туурасында турмуш сайты жазып чыккан. Анда «Өзүбүздүн атабыз биз төрөлө электе эле каза болгон, бул өгөй атабыз. Ал ар кандай шылтоо менен  балтыр жана сандарына кирпич коюп антеннанын темир зымы, электр чубалгынын зымы менен сабайт. Апам бизге болуша албайт. Атам бизди сабаган учурда апамды киргизбей, үйдү бекитип алат» -деп айтышкан.

Сүрөт:Булбул

Количество просмотров: 15