Чүйдүн Сокулук районунда күйүп кеткен вагондун ичинен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Западное айылында аянты 24 чарчы метр болгон вагон толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен орус улутундагы 51 жаштагы П.С. аттуу эркек кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.
Өрттүн себеби такталууда.