Сокулук районунда сабалган эки жашар баланы чоң энеси багат. Бул тууралуу “Балдардын укуктарын коргоочулардын лигасы” коомдук фонду кабарлады.
Маалыматка ылайык, балага камкордукту ким алары тууралуу комиссиянын жыйыны болуп өттү. Комиссия эки тараптын тең ой-пикирлерин угуп, ата-энесинен укуктарын чектөө жана баланы чоң энеси Натальяга (атасынын апасы) убактылуу камкордукка өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алган.
Эске салсак, 3-февралда Сокулук райондук аймактык ооруканасына 1 жаш 8 айлык наристе денесиндеги көгала тактар менен алып келинген. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, баланы сабоого шектүү катары 34 жаштагы адам кармалган.