• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Сокулукта сойкукана иштетүүгө шектелген аял кармалды

6 Бирдин айы 2022 10:02 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда сойкулук үчүн сойкуканаларды уюштуруп, аларды тейлеген деген шек менен 43-жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 4-февралынан 5-февралына караган түнү козголгон кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын жана Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук районундагы айылдардын биринде жайгашкан саунанын администратору менен сойкулук менен алектенген 6 кыз да саунадан ИИБнө жеткирилген. Жогорудагы саунанын администратору 43-жаштагы С.А. КРнын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 2089