• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сокулукта социалдык үйлөр курулду

22 Тогуздун айы 202310:30 Бишкек Govori.TV

Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүндө жаӊы социалдык үйлөр курулуп, 12 үй-бүлөгө берилди. Бул тууралуу Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Жалын Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, социалдык үйлөр Алтын-Ордо жаӊы конушунун Гоголь көчөсүндө жайгашкан.

Социалдык үйлөр «Ас-сафа» борбордук коомдук бирикмесинин демѳѳрчүлүгү менен курулуп, көп балалуу жесир калган аялдар, аз камсыз болгон 12 үй-бүлөгө берилди. Анда үй тричилик техникалары, эмеректер менен камсыздалган.

Количество просмотров: 209