• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сокулукта тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды

29 Чын куран 2022 12:19 Бишкек Govori.TV

Сокулук РИИБнын тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, УКМК Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ички иликтөө кызматы менен бирдикте КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара алуу) боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагында 2022-жылдын 28-апрелинде Сокулук РИИБнын тергөөчүсү М.Э. жана ыкчам кызматкери У.И. кармалды.

Кыргыз Республикасынын УКМКга буга чейин КР А.Ж. аттуу жараны сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 50 000 сом акча каражатын талап кылып жаткан Сокулук районунун ИИБ кызматкерлерине чара көрүү тууралуу жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган.

2022-жылдын апрель айынын башында Сокулук РИИБне А.Ж. карата уурулук фактысы боюнча арыз келип түшкөн, аны кароонун жыйынтыгында кылмыштын курамынын жок экендиги аныкталган. Бирок, Сокулук районунун милиция кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн ар кандай шылтоолорду айтып 50 миң сом акча каражатын талап кылышкан.

2022-жылдын 28-апрелинде саат 17:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Учкун кичи районунда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сокулук РИИБнын тергөөчүсү милициянын лейтенанты М.Э. 10 миң сом акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалды.

Кармалган М.Э. КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, калган кызматкерлерге карата бул мыйзамсыз иштерди жасоого канчалык деңгээлде катыштыгы бар экенин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 1646