Сокулук районунда аккумулятор уурдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Новопавловка айылынын 32 жаштагы жашоочусу К.М. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 25-декабрга караган түнү анын үйүнүн жанында токтоп турган жүк ташуучу автоунаасынан эки аккумуляторун белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген чыгым 30 миң сомду түзгөн.
Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
«Жогорудагы кылмышка шектелип, 26 жаштагы А.Н. жана 25 жаштагы М.А. аттуу жарандар кармалышкан. Териштирүү учурунда кармалган жарандардын Сокулук районунун Новопавловка жана Ак-Ордо айылдарында катталган уурулук кылмыштарына тиешеси бар экендиги аныкталган»,-деп айтылат маалыматта.
Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.