• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Сокулукта жаш өспүрүм дүкөндүн кичинекей терезесинде тыгылып калды

30 Чын куран 201911:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.04.2019.Govori.TV.

Сокулук районунун ички иштер башкармалыгынын тескөөчүсү Новопавловка айылынын дүкөндөрүнүн биринен урдоого аракет кылып жаткан жеринен шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, өспүрүм өзүнүн көлөмүн эсептебей, дүкөндүн кичинекей терезесине тыгылып калып, ошол жерден укук коргоочу байкап калган. Шектүу делип 15 жана 16 жаштагы жаш өспүрүмдөр кармалган.

Бул факты, Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 39-200 “уурдоого аракет кылган” беренеси боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 19