• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Сокулукта зордуктоого кабылган кыздын иши сотко өттү

4 Чын куран 2024 16:01 Бишкек Govori.TV

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиеванын жашы жете элек кыздын зордукталышы боюнча билдирүүсүнө жооп берди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Сокулук районундагы 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 19-20 жаштагы эки бала камакка алынган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен эки шектүүгө Кылмыш- жаза кодексинин 154-беренеси («Зордуктоо») жана 157-беренеси («Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер») боюнча айып тагылып, иш сотко өткөрүлдү.

Милиция башка адамдарга карата иш материалдан өзүнчө бөлүнүп, тергөө жүрүп жатканын билдирди. Чүй ички иштер башкармалыгы депутат Элвира Сурабалдиеванын милиция чара көрбөй жатат деген билдирүүсүн четке кагып, мыйзам чегинде иш жүрүп жатканын кабарлады.

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева парламенттин 3-апрелдеги жыйынында Сокулук районундагы жашы жете элек кыздын зордукталышы боюнча маселе көтөрүп, милициянын ишин сындаган. Сурабалдиева жашы жете элек кыздын ар кандай басымга кабылып жатканын айткан.

20-мартта акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын секелек кызды өткөн жылдын апрель айынан бери 19-22 жаштардагы тогуз эркек зордуктап жүргөнү тууралуу билдирүүсү маалымат каражаттарына чыгып, коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Чүй облустук милициясы буга дароо комментарий берип, зордуктоо боюнча иш бар экенин ырастаган.

Милиция анда факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси («Он алты жашка толо элек балдар менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер») менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр аныкталып, милицияга алып келингенин, иликтөөнүн жыйынтыгында мыйзам чегинде укуктук баа берилерин билдирген.

21-мартта жабырлануучу тараптын жактоочулары зордуктоого шектүү катары эки жаран кармалганын билдирген. Социалдык тармактарда зордуктоого кабылган секелектин өзүн күнөөлөгөн видеолор, маалыматтар тарап жатат.

Количество просмотров: 68