• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сокулуктагы мушташта үч адамга ок тийип, бирөө бычак жеди

31 Бештин айы 2020 14:08 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунун Орок айылында 30-декабрга караган түнү адамдар мушташып, анын айынан үчөөнө ок тийип, бирөө бычак жеди. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, саат 21:00 чамасында Бишкектеги ресторандардын биринде 52 жаштагы А. А. аттуу киши менен 50 жаштагы И.Э. жаңжалдашкан. Алар мушташып кеткенде жанында отурган туугандары бөлүштүрүп калган.

«Арадан бир нече саат өткөндөн кийин И.Э. ресторанда жаңжалдашкан кишинин Орок айылындагы үйүнө досторун ээрчитип келген. Анын короосунун дарбазасын талкалап, 52 жаштагы кишини жана анын 27 жаштагы баласын сабаган. Андан соң уулу куралын алып чыгып асманга аткан. Мушташтын кесепетинен төрт киши Бишкектеги ооруканага жеткирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылды.

Аталган кылмышка шектелип 50 жашатагы И. Э. кармалып, Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан сырткары, милиция окуя болгон жерди тинтип, ок атуучу куралды 12-калибрдеги огу менен табышкан. Жагдайдын чоо-жайын териштирүү үчүн ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 6897