• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соль-Илецк шаарынан келген 541 жаран обсервацияга жайгаштырылды

7 Бугу 2020 12:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-майда эртең менен Россия Федерациясынын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан келген 541 жаран Американын мурунку «Ганси» авиабазасындагы обсервацияга жайгаштырылды.

Маалыматка ылайык, алар медициналык көзөмөлдө болушат жана баарынан коронавируска анализ алынат.

Аталган жарандар Казакстан тарап менен жетишилген макулдашуулардын алкагында мекенине алынып келди.

«Оор эпидемиологиялык абалдын жана Казакстандын бийлиги кабыл алган катаал чектөөчү чаралардын кесепетинен биздин жарандарга Казакстандын аймагында жеке унаасы менен транзиттик түрдө өтүп кетүү мүмкүн болбой келген. Мындай учурда жол полициясынын коштоосунда бир колонна менен жүргөн атайын жүргүнчүлүк унаа үчүн транзиттик коридор көрсөтүлдү.

Казакстандын аймагында дагы эле өзгөчө абал режими күчүндө жана чет элдик жарандардын кирүүсү чектелген. Буга байланыштуу Соль-Илецк шаарындагы жарандарды мекенине кайтарууда Россиядагы биздин мекендештерибизге россия-казак чек арасы көздөй жүрүүгө түрткөн импульс болуп калбашы керек. Андыктан провокацияга алдырбоого, сабырдуу болуп, мындай чаралар убактылуу гана мүнөзгө ээ экенин жана биздин жарандарыбыздын ден соолугун, өмүрүн сактоого, улуттук коопсуздукту коргоого багытталганын чыдамдуулук жана түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз», — деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин маалыматында.

Количество просмотров: 120