• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соль-Илецктен алынып келген мигранттар медиктерге баш ийбей, обсервациядан качып жатышат

10 Бугу 2020 11:21 Бишкек Govori.TV

Соль-Илецктен кайтып келген мигранттар обсервациядагы медиктердин талаптарына баш ийбей жатат

“Соль-Илецктен алынып келинген жарандардын арасында карантиндик тартиптин талаптарын аткарбагандар бар. Обсервацияда жүрүү эрежелерин бузуп, качып кетүү учурлары да катталды. Ошондуктан тартипке келтириш үчүн милицияга кайрылууга аргасыз болдук. Алар өзүнүн туугандарын, ата-энелерин, тааныштарын кандай тобокелчиликке жана коркунучка түртүп жатканын түшүнбөй жатышат”, — саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев.

Ал ошондой эле качып кетүү аракеттери жокко чыгарылып, учурда кырдаал көзөмөлгө алынганын кошумчалады.

2020-жылдын 10-майына карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 71 учур катталды. Алардын ичинен 55 Соль-Илецк шаарынан келгендер.

Количество просмотров: 5453