• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соль-Илецктен келип тополоң уюштурган жарандар үйүнө атайын транспорт менен жеткирилет

18 Бугу 2020 22:12 Бишкек Govori.TV

Бугүн, 18-майда кайталап алынган анализи терс жыйынтык көрсөткөн Соль-Илецктен келген Кыргыз Республикасынын жарандары үй карантинине жиберилди. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар 7-майда мекенине кайтып, “Семетей” обсервациясына жайгаштырылган. Экинчи ирет ПЦР анализи алынгандан кийин 541 жарандын ичинен 421 жаранда жыйынтыгы коронавирустун жок экенин көрсөткөн.

Эксперттик комиссиянын чечими күтпөстөн, обсервацияда жайгашкан адамдар чыдамсыздык көрсөтүп, бүгүн алар менен саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев жогулушуп, аларга үй карантининин талаптары тууралуу айтып берди.

Белгилей кетсек, экинчи ирет алынган ПЦР анализдин жыйынтыгында жаңы аныкталган 43 учур менен жакын байланышта болгон 19 адам обсервацияга калтырылды.

Эске салсак, кайтып келген 541 адамдын ичинде 101 адам стационарларга жаткырылган. Алардын 58и – Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында, 43ү – Улуттук фтициатрия борборунда.

Учурда обсервациядагы абал туруктуу, медиктер штаттык тартипте иштеп жатат. Бүгүн-эртең бардык жарандар жашаган жерине атайын уюштурулган унаа менен жеткирилет.

Количество просмотров: 85