• Бейшемби 16 Теке 2026
  • Четверг 16 Июль 2026

Соода борбордо бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген шектүү кармалды

6 Бугу 202513:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы борбордогу “Азия Молл” соода борборуна бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген деген шек менен 31 жаштагы адам кармалганын билдирди.

Мекеме 5-майда шаардык милициянын 102 кызматына “Азия Моллго” бомба коюлганы тууралуу билдирүү түшкөнүн кабарлады. Бул факты боюнча Ленин райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин “Билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Бишкек шаардык милициясы менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери 31 жаштагы шектүүнү кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Количество просмотров: 375