• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков бүгүн Лейлек районун кыдырат

11 Жалган куран 2020 9:44 Бишкек Govori.TV

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна иш сапарынын алкагында бүгүн Лейлек районун кыдырат. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлайт.

Президент Сооронбай Жээнбеков 10-мартта Баткен облусунун Баткен районун жана Баткен шаарын кыдырып, анын алкагында Баткен чек ара отрядына барган жана бир катар мекемелердин иши менен таанышкан.

Мындан тышкары президент өрүктү, сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды, айнек заводун, касапкана жана темир-бетон заводун куруу долбоорлору менен таанышып чыкты.

Ошондой эле мамлекет башчы Баткен шаарын таза суу менен камсыз кылуу жана канализация тутумдарын реабилитациялоо ишине күбө болгон.

Количество просмотров: 84