• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков Баткенге учуп кетти

10 Жалган куран 2020 11:10 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. Бүгүн, 10-мартта мамлекет башчысы Баткен облусуна эки күндүк иш сапары менен учуп кеткенин басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыздоо, ирригация түйүндөрүн кеңейтүү, ошондой эле инфратүзүм жана айыл чарба долбоорлорунун ишке ашуусу менен таанышат. Мындан сырткары Баткен облусунун билим берүү, социалдык жана маданий объектилеринин абалынан кабар алат. Президент ошондой эле Лейлек районунун тургундары менен жолугушуу өткөрөт.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында мамлекет башчысы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна барган болчу.

Количество просмотров: 66