• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков: Батукаевдин бошотулушу боюнча Атамбаевдин соту жабык өтөт

2 Жетинин айы 2019 14:31 Бишкек Govori.TV

Алып бараткан саясатымды өзгөртпөйм, ачык жана айкын саясатка токтолгом, бул жолдон кайтпайм. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-ноябрда, Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери жана өлкөдө аккредитациядан өткөн чет элдик ММК корреспонденттери менен жолугуп жатып Govori.TV. интернет-телеканалынын жетекчисинн суроосуна жооп берди.

Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайланып келгенден бери 2 жыл болду, көп иштер жасалды, бирок ошону менен сын пикирлер да аз эмес, соттук реформа боюнча, коррупция менен күрөш жана кадрдык саясаттындагы маселелер суроолорду жаратат. Ошондон улам, мындан аркы кадамдар кандай болот, азыркы алып бараткан саясат жана багыт өзгөрөбү деген суроого, президент жооп берди.

«Алып бара жаткан саясат өзгөрбөйт. Мен ачык жана айкын саясатты тандап алгам, ушул жолдон кайтпайм. Мына Апрель телеканалын деле мени жаап койду деп жатышат. Андай эмес да. Алар мага карата кандай гана маалымат таркатышкан жок, ошого карабастан мен кийлигишкен жокмун. Каналдын жабылышы бул соттун жана укук органдарынын иши.

Ал эми экс-президенттин катышуусунда өтүп жаткан Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу соттук отурум ачык түрдө болушуу тууралуу, президент мыйзам боюнча бул сот жабык түрдө өтүш керек деди.

Батукаев өзү сотко алынып келинеби деген суроого, президент Россияга тийиштүү талап жиберилген, бирок ал башка өлкө, өз жаранын бизге өткөрүп береби, чоң суроо деди.

Количество просмотров: 2162