Бүгүн, 13-ноябрда, Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңыланган имаратына барды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 2018-2020-жылдарга карата Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу стратегиясына ылайык түзүлгөн Жарандык билим берүү жана шайлоо технологияларынын борборунун ишмердүүлүгү жана менен тааныштырды.
«Шайлоо системасынын ачык-айкын жана туура иштөөсү БШК мүчөлөрүнүн, аймактык комиссиясынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүнөн жана адамдык сапаттарынан көз каранды», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Мындан сырткары, Президент Сооронбай Жээнбеков БШК мүчөлөрүн жана аппарат кызматкерлерин Шайлоо комиссиясынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады.