• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Сооронбай Жээнбеков кайрадан жанданды. Фонд түздү, Касымалиева менен сүрөткө түштү

30 Бештин айы 202017:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбековдун коомдук фонду түзүлдү. Бул тууралуу 30-декабрда анын социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчаларында кабарланды.

Нет описания фото.

Коомдук фонд юстиция органдарында быйыл декабрь айынын башында катталганы, ал «социалдык, маданий, кайрымдуулук жана өлкө үчүн пайдалуу дагы башка иштер» менен алектенери белгилүү болду.

Фонддун негизги максаты «коомдун руханий, маданий жана илимий деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган жаратман демилгелерди колдоо» экени айтылды.

Андан көп узабай, вице-спикер Аида Касымалиева мурунку президент менен чоогу түшкөн сүрөтүн жарыялап, аны жаңы жылы менен куттуктады.

На изображении может находиться: 2 человека, люди стоят и в помещении

62 жаштагы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенти болуп алты жылдык мөөнөткө 2017-жылдын ноябрь айында шайланган. Бирок быйыл үч жылдан кийин, парламенттик шайлоодон соң кызматын мөөнөтүнөн мурда тапшырып берүүгө мажбур болгон.

Количество просмотров: 1501