• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевге жана Казакстандын элине көңүл айтты

27 Бештин айы 2019 15:18 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевге жана Казакстандын элине учактын кулашынан улам адам курмандыктарына байланыштуу көңүл айтты.

«Казакстан Республикасынын Алматы-Нур-Султан аба каттамындагы кырсыктын кесепетинен адамдардын каза болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм.

Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез сакаюуну каалайм», — деп белгиленген көңүл айтуу телеграммасында.

Количество просмотров: 128