Бишкек.21.04.2019.Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевге жана Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевге Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун Алматы-Ташкент автожолунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
«Адам курмандыктарына алып келген Казакстан Республикасынын Алматы-Ташкент автожолунда болгон кырсык тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көӊүл айтам жана орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм. Бардык жабыр тарткандарга жана жаракат алгандарга тез сакайып кетүүнү каалайм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.
20-апрелде таңкы саат 5тер чамасында Жамбыл облусунун Кордай районунун Алматы-Ташкент автожолунун 181-чакырымында «Toyota Camry» машинасы жүк ташыган автоунаа менен кагылышкан. Андан качууга аракет кылган жүргүнчү ташыган автобус оодарылып кеткен. Кырсыкта 29 киши жараат алган.