• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков: Өкмөттү кетирүүдөн азыр пайда жок

18 Теке 2020 17:34 Бишкек Govori.TV

Өкмөттү кетирүүдөн азыр пайда жок. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-июлда Биринчи радиого берген маегинде билдирди.

Президенттин айтымында, азыр биз эми мүмкүн болушунча колдо болгон адамдык ресурстун баарын мобилизациялап, күчтү бириктирип, иштешибиз керек. Колуна кол, бутуна бут болуп, Өкмөткө жардам берүү зарыл.

«Азыр жардам бере турган мезгил. Бардык мүмкүнчүлүк, аракеттерди бириктирип, ынтымакта, тартипте илдетке каршы турушубуз керек.Билесиңер, Кубатбек Боронов буга чейин Премьердин биринчи орун басары болуп келген. Вируска каршы күрөштө оор мезгилде, карантин кирип атканда Республикалык штабдын ишинин баарын өзү жетектеп келген. Ошондуктан, бул багытта колунан келишинче кырдаалды көзөмөлдөп жатат. Мен колумдан келишинче президент катары жардам берип жатам», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент парламенттик шайлоого 3 айга жакын убакыт калганын, Өкмөт парламенттик шайлоодон кийин Конституцияга ылайык кайра куралып, мыйзамдуу жол менен алмашарын айтты.

» Бул Өкмөт калабы, калбайбы ошол келген парламент өздөрү чечет, бул парламенттин укугу. Парламенттик шайлоо болушу керек дегеним да ошол. Аткаруу бийлиги, мыйзам чыгаруу бийлиги туруктуу иштеши керек. Ошондуктан биз мыйзамдуу жол менен кете беришибиз керек, мыйзамдуу жол менен бардык иштер бүтүшү керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 529