• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга рахматын айтты

17 Жетинин айы 202016:03 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурдагы президенти Сооронбай Жээнбеков туулган күнү менен куттуктагандарга ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы расмий баракчасына билдирүү жарыялады.

«Урматтуу мекендештерим, сиздердин көпчүлүгүңүздөрдөн кечээ, 16-ноябрда менин дарегиме жылуу сөздөр менен бирге куттуктоолор айтылды, жазылды. Ар бириңизге чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Мен үчүн айтылган ар бир каалоо-тилектериңер кымбат, өзгөчө маанилүү. Мага эмне кааласаңыздар, сиздерге да ошону каалайм. Ар бир үйдө жакшылыктар көп болсун. Бекем ден соолукта болуңуздар. Кыргызстаныбызды Жараткан Кудай колдосун»,-деп жазылат билдирүүдө

Кошумчалай кетсек, 16-ноябрда экс-президент Сооронбай Жээнбеков 62 жашка толгон.

Количество просмотров: 174