• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сооронбай Жээнбеков Меркель менен жолугат

16 Чын куран 201910:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.04.2019.Govori.TV.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун Германияга расмий сапары уланууда. Бүгүн 16-апрелде ал Берлинде федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайер, андан кийин федералдык канцлер Ангела Меркель менен жолугат.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, дипломатиялык алака, экономика жана өнөр жай, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык карым-катнаш, каржы тармактарында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлууда.

Кечээ 15-апрелде кыргыз делегациясы Баварияда болду. Эки өлкөнүн ишкерлери катышкан бизнес-форум өттү.

Сапардын жүрүшүндө Евробиримдик менен Кыргызстандын кызматташуусунун жаңы стратегиясы даярдалып жатканы, ага быйыл июль айында уюмдун тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен кол коюлары белгилүү болду.

Ал эми мекендештер менен жолугушууда Германиядагы кыргызстандыктар виза, билим берүү, саламаттыкты сактоо, улуттук маданиятты, адабиятты, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу, Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу, “Мекен карт” долбоору, айыл чарбасын өнүктүрүү маселелерин козгошту. 

Количество просмотров: 51