• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутаттар Жээнбековду «экс» макамынан ажыратабы?

29 Бирдин айы 2024 13:18 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев кечээ парламентте Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратуу демилгесин көтөрүп, депутаттык комиссия түзүү сунушун берди.

«Элдин ырыскысын жеп келген Райым Матраимовду жандап жүргөн, табакташ болгон үч депутатыбыз кетти, дагы кетиребиз деп жатат. Өкмөттөгү министрлерге чейин кетирип жатышат. Бирок Райым Матраимовду саясий аренага алып келип, партия түзүп берген кишилер Кыргызстандын төрүндө, мамлекеттин эсебинен жашап жүрөт. Ал — Сооронбай Жээнбеков. Канчалаган жаштар кылкылдап митингге чыкканда көзү көр же дүлөйчө бир сөз айтып койбой, ушул жерде отуруп бийлигинен ажырады. Садыр Нургожоевич «кийинкиге жаман адат болбосун деп статусун калтырдык» деп айтып келет. Андай болбойт, коррупция менен аёосуз күрөш жүрүп жатабы, баары жооп бериши керек», — деди Түмөнбаев.

Мындай сунуш коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Депутаттар Жээнбековду «экс» макамынан ажыратуу сунушу боюнча эмне дейт? сурамжылоо жүргүздүк…

Количество просмотров: 349