• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сооронбай Жээнбеков Тажикстан президенти менен чек арадагы абалды талкуулады

11 Үчтүн айы 2020 13:21 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-январда, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулашты.

Президент Сооронбай Жээнбеков эки өлкөнүн чек арасында туруктуу абалды сактоо зарылдыгын өзгөчө белгилеп, чыр-чатактар жарандардын күнүмдүк тиричилигине сезилерлик таасир этчү​ маселе болуп калганын кошумчалады.

«Кыргыздар менен тажиктердин ортосундагы достугу кылымдарды карыткан, келечекте да​ бекем болушу керек. Биз чек арадагы абалдын курчуп кетишине жол бербөөгө тийишпиз. Тилекке каршы, акыркы убакта чек ара аймагында чыр-чатактар көп болуп жатат. Кечээ жакында эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кезектеги чыр-чатак болду»,​ — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент мындай окуялардын алдын алуу үчүн жергиликтүү калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маанилүү экенин эске салды.

Мамлекеттик чек арадагы окуя боюнча ММКлардагы чагымчыл маалыматтар эки өлкөнүн жакшы коңшулук жана достук мамилелерине туура келбей турганын өзгөчө белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков биргелешкен иликтөөнүн натыйжасында чек арадагы чыр-чатактын чыгуусуна күнөөлүүлөрдү жазага тартуу керектигин айтты.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетүү зарылдыгына өзгөчө токтолду.

Телефондук сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Мамлекет башчылары ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана жакынкы келечекке карай артыкчылыктуу пландарды талкуулашты.

Количество просмотров: 176