• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Казакстандын президенти менен сүйлөштү

25 Кулжа 201921:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.06.2019.Govori.TV.

25-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөштү.

Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевге Казакстандын Туркестан облусунун Арыс шаарындагы абалга байланыштуу колдоо сөздөрүн билдирди.

Ал​ Кыргызстан өзгөчө кырдаалды жоюуда жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө көңүл айтып, жабыркагандарга тез сакайып кетүүсүн каалады.

Количество просмотров: 43