• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Сооронбай Жээнбеков визит менен Францияга барат

19 Чын куран 201914:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.04.2019.Govori.TV.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков визит менен Францияга барат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкекте КР ТИМ башчысы Чыңгыз Айдарбеков менен КРда расмий визити менен жүргөн Франциянын Европа жана тышкы иштер министрлигинин алдындагы мамкатчысы Жан-Батист Лемуан жолугушуу өткөрүшкөн.

Айдарбеков билдиргендей, тараптар Жээнбековдун Францияга жасай турган визитин талкуулашкан.

“Убактысы дипломаттык канал аркылуу талкууланат. Аталган визиттин мазмундуу маңызын иштеп чыгуу керек”, — деп кошумчалады ал.


Количество просмотров: 14