• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен кимдер куттуктады? (Сүрөт)

16 Жетинин айы 2019 12:40 Бишкек Govori.TV

Владимир Путин Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

«Сиздин жетекчилигиңиздин астында Кыргыз Республикасы социалдык-экономикалык өнүгүү жолунда ишенимдүү алдыга жылып, регионалдык жана эл аралык иштерге активдүү катышууда. Сиздин, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы биримдик жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө, ошондой эле евразиялык мейкиндикте өз ара пайдалуу интеграциялык процесстерди алдыга жылдырууда аткарып жаткан иштериңиздерди жогору баалайбыз», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Россиянын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

«Сизди Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн  атымдан туулган күнүңүз менен куттуктайм. Достук, өнөктөштүк жана союздашдык принциптерине негизделген кыргыз-орус мамилелерин бекемдөөгө кошкон чоң салымыңызды өзгөчө белгилеп кетким келет. Сизге бекем ден соолук, бакыт жана жооптуу мамлекеттик кызматыңызда ийгиликтерди каалайм», — деп белгиледи Дмитрий Медведев.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

«Сиздин туулган күнүңүздүн урматына арналган чын жүрөктөн чыккан калоо-тилектерди жана куттуктоолорду кабыл алыңыз.Сиздин акылман жетекчилигиңиздин астында боордош Кыргызстан социалдык-экономикалык өнүгүүдө ишенимдүү ийгиликтерге жетишип, эл аралык аренада өзүнүн аброюн ырааттуу бекемдеп жатканын белгилөөгө кубанычтамын.

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

«Туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сиздин Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын бекемдөөгө, элдин жашоо деңгээлин, эл аралык аренада өлкөнүн кадыр-баркын жогорулатууга багытталган иш-аракеттериңиз абдан маанилүү.

Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

«Сизди туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сиздин аракетиңиз, акылман жана салмактуу саясатыңыз аркылуу Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө эл аралык аренада өз позициясын жана кадыр-баркын бекемдеп, динамикалуу түрдө өнүгүп келе жатат.

КЭР Төрагасы Си Цзиньпин Президент Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады. Си Цзиньпин Сооронбай Жээнбековго чың ден соолук жана бардык ишинде ийгиликтерди каалады.

Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиеев Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады

«Сиздин жетекчилигиңиздин астында  алысты көрө билген жана калыс жүргүзгөн саясатыңыз менен бүгүн Кыргызстанда стабилдүүлүк камсыздалды жана туруктуу жана  социалдык-экономикалык өнүгүү, калктын бакубаттуулугу өсүүдө, өлкөнүн эл аралык аренада  кадыр-баркы көтөрүлүүдө. Биздин элдердин жалпы тарыхына, динине, маданиятына жана салттарына негизделген кыргыз-өзбек достук жана ынак кошуналык мамилесин ырааттуу бекемдөөдө Сиздин ар тараптуу колдооңузду жогору баалайм. 

Количество просмотров: 331