• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Сооронбай Жээнбеков АКШга иш сапар менен барат

20 Аяк оона 201812:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.09.2018.Govori.TV.
Президент Сооронбай Жээнбеков АКШга иш сапар менен барат. Бул тууралуу бүгүн президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди.
23-27-сентябрга пландалып жаткан сапар учурунда мамлекет башчысы Нью-Йоркто болуп, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 73-сессиясынын жалпы дебаттарына катышат.
Сыдыков белгилегендей, Кыргызстан БУУ менен кызматташтыкка артыкчылык берет жана пландалып жаткан иш сапар өлкө үчүн саясий жактан чоң мааниге ээ.
Количество просмотров: 55