• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сооронбай Жээнбеков: «Дипломаттар силер аркылуу башкалар мамлекетибизди таанышат»

24 Тогуздун айы 201814:46 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.10.2018. Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын дипломатиялык кызматтын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Анда өлкө башчы соңку мезгилде дипломатиялык кызматтын беделин чыңдоо зарылдыгы пайда болгонун айтты.
Ошондой эле ал, кызматкерлердин кесиптик жактан өсүшү үчүн өбөлгө түзүү жана жаңы муундагы дипломаттарды даярдоо маанилүүлүгүн белгилейт.
“Дипломаттарга өзгөчө милдет жүктөлгөн. Сиздер мекенчил болуп, бир нече чет тилин билип, ак ниет жана үзүрлүү кызматтын үлгүсүн көрсөтүшүңүздөр керек. Себеби сиздер аркылуу мамлекетибизди таанып билишет”- дейт Президент.
Количество просмотров: 37