Бишкек.17.12.2018.Govori.TV
Президент Сооронбай Жээнбеков алгачкы маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы маалымат таратты.
Өлкө башчы жыл соңунда журналисттерди топтоп, суроолорго ачык жооп берет.
Маалымат жыйыны 19-декабрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөөрү күтүлүүдө.
Сооронбай Жээнбеков 2017-жылы ноябрь айында кызматка киришкен. Андан бери чоң маалымат жыйын өткөрө элек.