• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Жээнбеков: Туугандарым менен бийлик тууралуу сүйлөшпөйбүз

19 Бештин айы 2018 12:26 Бишкек Govori.TV

19.12.2018.Govori.TV 

Президент Сооронбай Жээнбеков анын туугандары тууралуу ар кандай тарап жаткан сөздөргө чекит коюу керектигин белгилеп, азыр ачык айтпаса беш жыл бою бул сөздөрдүн аягы тыйылбай турганын билдирди.

Жээнбеков 11 бир тууган экенин, үчөө  кайтыш болуп, учурда 8өө бар экенин айтты. Мындан сырткары ал туугандары эмне жумуш кылаарын, канча жашта экенин, кайсы жакта жашаарынан бери кеп салды.

Эң улуу агасы Кантөрө каза болуп калганын, Жалал-Абадда медициналык окуу жай ачып, ал жакта 24 жыл ректор болуп иштегенин белгилеп өттү.

Андан кийинки эжеси математик-физик, кийинки эжеси Бишкектеги бейтапканалардын биринде медайым болуп иштейт. Бирок ал эжесинин кайсы жерде иштегенин ачык айтуу негизсиз экенин кошумчалады.

Агасы Жусупбек Шарипович 2007-жылдан бери сыртта элчи болуп жүрөт.

Бир карындашы дипломаттын келинчеги, Асылбек Шарипович катардагы депутат. Дагы бир карындашы айылда жеке иши менен алектенет. Эң кичүү иниси атасынын чарбасын карап айылда жашайт.

Андан сырткары, кудалары тууралуу айтып, алар менен сый экенин, жакышылык-жамандыкта гана жолугуп, балдары тууралуу гана сүйлөшөрүн айтты. Кудалары менен бийлик тууралуу талкуу болбой турганын белгиледи. 

Ал мисал катары «Мегамкомго» кудасынын жакындары бөлүм башчы болуп дайындалганда аны маалында билбей калганын, бирок Жээнбеков билгенге чейин эле ал  өз каалосу менен жумуштан кеткенин кошумчалады. 

Количество просмотров: 6