«Жаңы өкмөттүн курамын, программасын колдоп, убакытты созбой өкмөттүн антын дагы кабыл алып бердиңиздер. Жаңы өкмөттүн эл алдындагы жоопкерчилиги эбегейсиз абдан зор. Жаңы кызматка келген өкмөт мүчөлөрүн куттуктап, чын ден-соолук , иштерине албан-албан ийгиликтерди каалайм. Урматтуу өкмөт мүчөлөрү ант берүүнүн мааниси элдин алдына текстти окуп берип койу эмес. Кыргыз эли антты эзелтеден бери ыйык тутуп келген. Анттын маңызын, анын жоопкерчилигин, улуулугуна, касиетине өзгөчө баа берген. Анттын тузу да, жүгү да оор. Ушул залда анттын маңызын, жоопкерчилигин, улуулугун, касиетин түшүнбөгөндөр, берген антына бекем турбаганындардын тагдырын көрдүңөр. Ошон үчүн берген антыңарга бекем болгула» -деп президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 25-апрелде жаңы түзүлгөн өкмөт мүчөлөрүн куттуктады.