• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сооронбай Жээнбеков «7-апрель Элдик революция күнүнө» карата кыргыз элине кайрылуу жолдоду

7 Чын куран 2018 11:38 Бишкек Govori.TV
Бишкек.07.04.2018.Govori.TV.
«Урматтуу мекендештер!
Кыргыз элинин тарыхында жалпы журтубуз бир максатка биригип,өзүнүн майтарылбас эркин көрсөтүп, эркиндик канны менен кошо айланып, жаны менен бирге жашаган эл экенин даӊазалаган, жалпы эрдиктин,  элдик жеӊиштердин мисалдары арбын.
Дал ушундай окуялардын бири – 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революция.
Ушул күнү тарыхый бурулуш болуп, туӊгуюкка бараткан жолдон чыгып, жаркын келечекке багыт алганбыз. Адилеттикти туу туткан, чөгөлөп жашоого чыдабаган, кландык жана үй-бүлөлүк бийликти  кабыл албай турган эл экенибизди дагы бир жолу  далилдегенбиз.
Элибиздин жаркын келечеги, жакшы жашоосу үчүн эр-азаматтарыбыз канын да, жанын да аяган жок. Баатырларыбыз 2010-жылдын 7-апрелиндеги тарыхый күнү зомбулукка, адилетсиздикке каршы күрөштө бүт кыргыз элине сепил, түркүк болду.Тайманбас баатырларыбыздын күчү менен жаӊы турмушту, жаркын келечекти көздөгөн элдин аруу тилеги ишке ашты. Элдин бийлигин менчиктеп, элдин ырыскысын өз бүлөсүнө тартып берип, элди кул кылам дегендердин тилеги таш капты.
Урматтуу мекендештер!
Бүгүн элдин тагдыры үчүн шейит кеткен баатырларыбыздын элесине таазим кылып, аларды тарбиялаган ата-энелерге, жакын туугандарына көңүл айтабыз.
Эрдиги жаштарга, келечек урпактарга өрнөк болгон эр-азаматтардын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат. Эртеӊки күнүбүз, жаркын максаттарыбыз үчүн өмүрлөр кыйылганын эсибизден чыгарууга акыбыз жок.
Урматтуу мекендештер!
7-апрелдеги окуялардан кийинки жылдар — кылымга тете жылдар болду, өлкɵбүздө улуттук кайра жаралууга жол ачылды.
Мамлекеттүүлүгүбүз бекемделип, чоң саясий өзгөрүүлөр болду. Эркин, демократиялуу шайлоолор өтүп, Кыргызстан дүйнɵгɵ демократиялык ɵлкɵ экендигин далилдеди.Экономикада,социалдык чөйрөдө ири долбоорлор ишке ашты.
Бирок дагы көп милдеттер аткарыла элек. Биздин максатыбыз так жана анык: өнүгүү жолубуздан тайбай, Кыргызстанды жашоого жана иштөөгө ыңгайлуу өлкөгө айландыруу, эркин, укуктук жана күчтүү мамлекет кылуу.
Ушул максатка жетүү  — апрель революциясынын жеңишин, элдин бийлигин сактап калуу, элге берилген убадаларды, элдин талабын аткаруу.
Элдик революциянын идеяларын жана максаттарын турмушка ашырабыз. Эң башкысы – Кыргызстан эч качан демократиялык багытынан  тайбайт.
2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондордун элесине дагы бир ирет таазим этебиз.
Баатырлар эӊсеген мамлекетти курабыз, мекенибизди гүлдөтүп өнүктүрөбүз!  Элибизде аманчылык, коомубузда ынтымак, мекенибизде тынчтык болсун! Жараткан өзү сүйүктүү Кыргызстаныбызды колдосун!”
Количество просмотров: 31