• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сооронбай Жээнбеков Сочиде Путин менен жолугат

14 Бугу 2018 17:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.05.2018.Govori.TV
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-майда  Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн  Россия Федерациясынын  Сочи шаарына  учуп келди.

Мамлекет башчысын аэропортто Сочи шаарынын мэри Анатолий Пахомов, Тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протоколунун департаментинин башчысы Игорь Богдашев жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев тосуп алышты.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында Бирликтин алкагында соода-экономикалык өз ара аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык кызматташуу жана Евразиялык мейкиндикте мындан ары интеграциялоо  маселелери талкууланат.

Ошондой Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти  Владимир Путин, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен эки тараптуу жолугушуулары болжолдонууда.

Количество просмотров: 27