Бишкек. 24.04. 2018. Govori.TV
КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн өлкөнүн Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаеваны кабыл алып, тармактын маселелри боюнча пикир алмашты.
Анда өлкө башчы социалдык сурамжылоолор боюнча, сот бийлигинин бутактары-Кыргызстандагы эң эле коррупциялашкан орган болуп калганын жарандар белгилешкенин билдирди. “Биз жарандардын сот айыкаттуулугу менен мыйзамдуулугуна ишеничин калыбына келтиришибиз керек. Ошондо гана Кыргызстан өзүн укуктук өлкө катары ишке ашыра алат”,-деди Президент.
Ошондой эле ал мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу жана жарандардын кызыкчылыгынн коргоо сот системасынын негизги милдети экендигин Жогорку Соттун төрайымынын эсине салып, тармактагы кооруицяга каршы аракеттерди күчөтүүнү жана чечимдердин акыйкаттуулугун кароону тапшырды.