• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Сооронкулова аккаунту сындырылып, жеке сүйлөшүүлөрү соцтармакка тарап жатканын айтып чыкты

29 Аяк оона 2021 22:38 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда Клара Сооронкулова менен Рита Карасартованын шайлоого катышсакпы, катышпасакпы деген пикир бөлүшүүлөрүнүн аудиожазуусу тараган. Бул тууралуу Сооронкулова өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында алардын аккаунттары белгисиз бирөөлөр тарабынан бузулган.

«Жеке аккаунттарды сындырып, УКМК менен ИИМ бийликтин партияларынын кызыкчылыгында өтө ыплас аракеттерди баштады. «Жапаров айта берет, сөзүнөн кайта берет дегенге» дагы бир далил. Шайлоону тап таза өткөрүп берем деген сөзү, шайлоо башталбай жатып калп болуп чыкты.
Рита экөөбүздүн жеке сүйлөшүүбүз так ушул шайлоонун таза өтүшүнө күмөн саноодон жаралган. Таза адамдарды ушундай коркутуу үркүтүү системада тизмеге тартуу өтө кыйын. Бирок кудай буюрса эң мыкты талапкерлер тартылууда. Ар жерлерде бийликтин камчысын чапкандар, элге таанылган же болбосо капчыгы чоң адамдарды кыйнап, мажбурлап тизмеге тартып жатышат деген кабарлар аз эмес. Оппозициялык партияга кирүүгө ниеттенгендерди коркутуп, кысым көрсөтүп, бирден чакырып алып сүйлөшүп жаткандарын да билебиз. Албетте, ушундай шарттарда шайлоого бойкот жарыялап, катышпай койсокпу деген да ой келет.
Бирок, эч кам санабагыла! Өлкөнүн, өзүнүн келечегине кайдыгер эмес, сатылбаган шайлоочу үчүн сөзсүз тандоо болуш керек. Ал эми, тайманбас, эр жүрөк, таза адамдар үчүн, оор, опурталдуу, ыплас болсо дагы, саясий күрөшкө катышуу өтө маанилүү.
Эртеби, кечпи, жарык күчтөр кара күчтөрдү сөзсүз жеңет! Мен ишенем!», — деп жазган ал.

Ал арада Алмаз Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев да өздүк баракчасына аккаунтуна чабуул болгонун жазып чыкты.

Количество просмотров: 41