Депутаттардын саясаттагы жашоосу мөөнөтсүз узарды. Мындай пикирин бүгүн, 9-мартта Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова билдирди.
«5-октябрда кайрадан шайлоодон өтүп келген «чимкириктер» жолобосун деген талап менен чыкканбыз. Бүгүнкү күндө тескерисинче алардын саясаттагы жашоосу уланды. Эмне үчүн кетпейт? Эмне үчүн тарабайт? Мөөнөтү бүттү, кетиши керек. Бирок аларды бийликке келгендер курал катары колдонуп жатат»,-деди Сооронкулова.
Белгилей кетсек, бүгүн Ак үйдүн алдында Конституциянын жаңы долбооруна каршы митинг өттү. Нааразычылык акциясына мурдагы депутат Исхак Масалиев, “Ханистутицияга каршы” борборунун өкүлү Жеңиш Молдакматов, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова жана жарандык активисттер катышты.
Алар бийликке “Легитимсиз парламент тарасын”, “Жогорку Кеңешти каржылоо токтотулсун”, “Тез арада жаңы парламенттик шайлоо дайындалсын” деген талаптарды коюп жатышат.