• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Клара Сооронкуловага дагы бир айып тагылды

10 Бирдин айы 2023 11:30 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкуловага дагы бир айып тагылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Чынара Жакупбекова билдирди.

Анын айтымында, Сооронкуловага активист Мирлан Ураимовго байланыштуу билдирүүнү Фейсбуктан бөлүшкөнү үчүн дагы бир айып тагылган.

«Аталган билдирүү бир жыл мурун жарыяланган, ошол эле учурда УКМК экспертиза дайындаган, бирок иш ачылган эмес. Эми Кемпир-Абад окуясы боюнча эч нерсе таппай, бир жыл мурунку посттордон кынтык издеп жатышат», — деген жактоочу.

Эске салсак, өткөн жылдын 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер кармалган. Ушул тапта 29 кишинин 26сы тергөө абагында, үчөө ден соолугуна байланыштуу үй камагында. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Количество просмотров: 59