• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сооронкулова: Чек ара кызматынын УКМКнын курамына кошулуусу бир чети жакшы, бир чети жаман

28 Бештин айы 2020 22:59 Бишкек Govori.TV

Чек ара кызматынын УКМКнын курамына кошулуусу бир чети жакшы, бир чети жаман. Мындай пикирин талапкер Клара Сооронкулова бүгүн, 28-декабрда  теледебат учурунда билдирди.

«Чек араны УКМК караганы жакшы, бирок азыр көп аймактар тактала элек. Ошолор такталып жатканда элге бардык маалыматтар, документтер ачык көрсөтүлүшү керек. Бул жагынан караганда УКМКда көп документтер жабык болот.Чек ара кызматынын шашылыш түрдө УКМКнын курамына өткөрүлүүсү да шек жаратууда», — деди Сооронкулова.

Белгилей кетсек, бүгүнкү дебатка талапкерлер Канатбек Исаев, Клара Сооронкулова, Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов жана Каныбек Иманалиевдер чыкты.

Количество просмотров: 129