• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Сооронкулова комиссиянын корутундусу өзгөртүлгөнүн айтты

17 Бештин айы 2019 15:16 Бишкек Govori.TV

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова комиссиянын корутундусунун айрым жерлери өзгөртүлгөнүн билдирди.

Анын «Азаттык» радиосуна берген маалыматына караганда, комиссиянын мүчөлөрү кол койгон корутунду менен Жогорку Кеңеште окулган бүтүмдө айырмачылык бар.

Айрым нерселерди кошуп, бир топ жерин өзгөртүп жиберишкен. Бирок азыр мен аны далилдей албайм. Анткени корутундунун кол койгон бир вариантын бизге берген эмес, көчүрмөсүн да чыгартпай койгон. Алар «корутунду менен таанышкыңар келсе, өкмөткө келгиле» деп айтышкан, — деди Сооронкулова.

Ал баштапкы корутунду менен парламентте окулган бүтүмдөгү айырмачылыктардын айрымдарын мисал кылды. Ага ылайык, корутундуда Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков менен мурдагы депутат Равшан Жээнбеков тууралуу сөз болгон эмес.

12-декабрда парламент Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын бүтүмүн карап жатканда Момбеков бүтүмгө анын да аты кошулуп калганын айтып, комиссиянын ишин сынга алган жана «убагы келгенде бул комиссиянын ишин иликтей турчу комиссия түзүлөт» деп айткан.

Ал эми Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын дагы бир мүчөсү Исмаил Исаков Клара Сооронкулованын айткандарын четке какты.

«Кол коюлган корутундуну оңдошту» деген туура эмес. Жогорку Кеңеште окулган корутунду менен биз койгон корутундунун айырмасы жок. Комиссиянын мүчөлөрү чогулуп кол коюп жатса кайдагы айырма?», — деди Исмаил Исаков​

12-декабрда Жогорку Кеңеш Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун жактырган. Мамлекеттик комиссия Кой-Таш окуясына Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары жооптуу деген тыянакка келди.

​Атамбаевди колдогон КСДП болсо комиссиянын бүтүмү тууралуу билдирүү таратып, «Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу бийликтин көрсөтмөсү менен жазылган жана чындыкка дал келбейт» деп билдирген.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 103