• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сооронкулова менен Карасартова тыңшоого байланыштуу Башкы прокурорго кайрылды

1 Тогуздун айы 202111:44 Бишкек Govori.TV

«Реформа» партиясынын өкүлдөрү Клара Сооронкулова менен Рита Карасартова Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылуу жасашты. Алардын кайрылуусу социалдык тармактагы өздүк баракчаларына жарыяланды.

Кайрылууда Баш мыйзамдын 29-беренесине шилтеме кылынган.

«Ар бир адам кат-кабар алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот чечиминин негизинде гана жол берилет» ,-деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, «Реформа» саясий партиясынын лидери Клара Сооронкулова менен жарандык активист Рита Карасартованын Телеграм каналы аркылуу сүйлөшкөнү 30-сентябрда соцтармактарга тараган. Анда алдыдагы шайлоо тууралуу сөз болгон. Сооронкулова сүйлөшүү кескиленип, монтаждалганын айтууда.

Количество просмотров: 269