• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

«Сорос-Кыргызстан» фонду өлкөдө ишмердүүлүгүн токтотот

16 Чын куран 2024 10:08 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстанда бейөкмөт уюмдар жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынып, чектөөлөр киргизилип жатканына байланыштуу “Ачык Коом” фонддору “Сорос-Кыргызстан” фондунун ишмердүүлүугүн токтотот. Бул тууралуу маалымат уюмдун расмий сайтына жарыяланды.

«Ачык коом» фонддорунун президенти Бинайфер Новрожи «Сорос-Кыргызстан» фондунун 30 жылдан бери жасаган эмгектерин айтып, мындан ары өлкөдө өз ишмердүүлүгүн уланта албай турганына өкүнүнчүн айткан.

«Сорос-Кыргызстан» («Ачык коом» фонду) фонду 1993-жылы ачылып, 115 миллион долларга билим берүү, саламаттык сактоо, санарип технологиялар, сот адилеттигин жана юридикалык жардамды реформалоо тармактарында бир топ долбоорлорду жарандык коом жана өкмөт менен биргеликте ишке ашырып келген.

Коомчулукта талкуу жараткан «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга президент Садыр Жапаров 2-апрелде кол койгон.

Количество просмотров: 43