• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

“Сосновка” жана “Арал” посттору толугу менен ачылды

30 Баш оона 201810:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.08.2018.Govori.TV. 

Чүй облусунун Жайыл районундагы “Сосновка” жана Токтогул районундагы “Арал” постторундагы киргизилген чектөөлөр толугу менен алынды. Бул тууралуу ӨКМнин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында, кече саат 20:00дөн тартып аталган посттордо күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген. Бүгүн таңкы саат 06:00дөн тартып чектөөлөр алынды.
Количество просмотров: 21