• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Сосновкада оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

5 Жетинин айы 202411:10 Бишкек Govori.TV

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, аба ырайынын кескин начарлашынан улам саат 02:15тен тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген. Жеринде №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кум себүү иштери жүргүзүлдү.

Ушундай эле кырдаал Өтмөктө орун алып, инерттик материалдар чачылды. Жол ачык, каттам бар.

Министрлик жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан унаалар жасалма тыгын менен атайын техникалардын иштешине тоскоолдук жаратып жатканын айтууда.

Количество просмотров: 84