• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сот 14 жаштагы кызды зордуктаган кишини 3 жылга эркинен ажыратты

1 Аяк оона 2020 16:38 Бишкек Govori.TV

Душанбе шаарынын Шохмансур райондук соту 14 жаштагы кызды зордуктаган 25 жаштагы кишини үч жылга эркинен ажыратты.

Жабырлануучунун туугандары өкүм өтө жумшак экенине, жогорку инстанцияга арыздануу мүмкүнчүлүгү жоктугуна нааразы болушту.

“Озоди” радиосунун соттогу өз булагы өкүм августтун башында чыкканын жана мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенин билдирди.

14 жаштагы кыздын апасынын айтымында, кызы алар жашаган жатаканалардын биринде зордукталган.

Жабырлануучунун апасы Душанбе мэриясын жана Башкы прокуратураны бул ишти кылдат иликтөөгө жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырды.

Ушул тапта жабырлануучунун үй-бүлөсү айылга көчүп кетти, кыз мектепке окууга кирди.

Тажикстанда зордуктоо, өзгөчө жашы жете электерге сексуалдык кордук көрсөтүү оор кылмыш болуп эсептелет. Бул үчүн жаза иретинде 2 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Количество просмотров: 574