• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Сот Айданбек Акматовду 20-декабрга чейин камакта калтырды

24 Тогуздун айы 2022 21:50 Бишкек Govori.TV

Саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматовдун баш коргоо чарасы тандалып, ал 20-декабрга чейин камакта калтырылды.

Мындай чечимди бүгүн, 24-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Ал өзүнө карата коюлган айыптар тууралуу журналисттерге кыскача комментарий берип, ишти «бул саясий куугунтук» деп атады.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.24-октябрда Бишкекте бир катар саясатчылардын жана жарандык активисттердин камалышына каршы болгондор жөө жүрүшкө чыгышты.

Ал эми бүгүн кечке маал Биринчи май райондук соту кармалган айрым саясатчылардын жана активисттердин баш коргоо чарасын карап баштаган.

Количество просмотров: 324